Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 23-август Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

886

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги 21-августта Россия Федерациясынын аймагында болгон жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 23-август Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгонун терең өкүнүч менен билдирет.

Көңүл айтуу китебине кол коюу үчүн 2022-жылдын 23-августу, шейшемби күнү саат 9:00дөн 13:00гө чейин жана 15:00дөн 18:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Исламабад шаарындагы Элчилигинде төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү болот: үй №12, көчө №33, сектор F8-1, Исламабад шаары, Пакистан Ислам Республикасы.

Альтернатива катары Виртуалдык көңүл айтуу китеби 2022-жылдын 23-августунда төмөнкү электрондук почта дареги боюнча жеткиликтүү болот: kgembassy.pk@mfa.gov.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK