Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Афро-Азия Айылдык өнүктүрүү уюмунун аймактык өкүлү Исрар Мухаммад Хан менен жолугушту

440

2023-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Афро-Азия Айылдык өнүктүрүү уюмунун аймактык өкүлү Исрар Мухаммад Хан менен жолугушту.
 

Тараптар айыл чарба, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү, “жашыл” экономика, климаттын өзгөрүүлөрүнө каршы күрөшүү, ар түрдүү тармактарда инновациялык чечимдерди киргизүү, айылдык өнүктүрүүгө багытталган окуу программаларын, семинарларды, таанышуу сапарларын, изилдөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле жер-жерлерде пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

  • Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Афро-Азия Айылдык өнүктүрүү уюмунун аймактык өкүлү Исрар Мухаммад Хан менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK