Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарасына катышты

2135

2021-жылдын 26-августунда Исламабад шаарында Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Diplomatic Insight Group» жана «Tabani group» холдинги уюштурган иш-чарасына катышты.

Иш-чарага ошондой эле Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, жана Индонезиянын элчилери, андан тышкары Малайзия, Беларусь Республикасы, Румыниянын дипломатиялык миссияларынын кызматкерлери, Пакистандын бизнес жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү да катышышты.

Иш-чаранын башкы коногу Пакистандын Улуттук Ассамблеясынын мүчөсү, Тышкы иштер боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Малик Эхсан Улла Тивана мырза өз сөзүндө Пакистан Борбор Азияны приоритеттүү аймак катары эсептерин жана региондун өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө аракет кылып жатканын белгилеп кетти.

Ал эми өз сөзүндө Элчи У.Тотуяев 1992-жылы дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн бери Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосунда бардык деңгээлде жылуу достук жана кызматташтык мамилелери сакталып келгенин белгилеп жана ошондой эле Кыргызстан Пакистан менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи.

Кыргызстандын элчиси ошондой эле чогулгандарга өлкөсүнүн кеңири инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, Пакистандын ишкер чөйрөлөрүн кызматташууга чакырды.

Иш-чара салтанаттуу жана достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK