Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев “Файсал Таун” курулуш компаниясынын башкы директору Зухайр Мажид менен жолугушту.

907

2022-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев “Файсал Таун” курулуш компаниясынын башкы директору Зухайр Мажид менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулап, курулуш, энергетика жана тоо-кен тармагында келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө басым жасашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу, өндүрүш ишканаларын ачуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорго жана, атап айтканда, «Менин үйүм - 2021-2026» турак-жай куруу программасына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга Пакистан Ислам Республикасынын ишкерлеринин делегациясынын жакынкы келечекте Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштуруу макулдашылды.

  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев “Файсал Таун” курулуш компаниясынын башкы директору Зухайр Мажид менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK