Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Федералдык билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Рана Танвир Хусейн менен жолугушту.

2178

2022-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Федералдык билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Рана Танвир Хусейн менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгынын бир катар келечектүү багыттарын, ошондой эле бул жааттагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, билим берүү программалар жана окутуу методикалар боюнча тажрыйба алмашуу, студенттер менен профессордук-окутуучулук курам алмашуу программаларын ишке ашыруу, ошондой эле биргелешкен конференцияларды жана семинарларды уюштуруу боюнча биргелешкен иштерди мындан ары ишке ашырууну макулдашышты.

Элчи У.Тотуяев билим берүү тармагындагы эффективдүү өз ара арактеттенүү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири экенин билдирип, бул багытта кыргыз тарабынын биргелешкен активдүү иш-аракеттерге кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Пакистан тарабынан Кыргыз Республикасынын медициналык университеттерин Пакистан медициналык комиссиясы тарабынан таануу маселеси боюнча көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Р.Т.Хусейн эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы мекемелеринин ортосунда өзгөчө техникалык багыттар боюнча тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну уюштурууга пакистан тарабынын кызыкдар экендиги тууралуу маалымат берди.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган биргелешкен иштерди улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK