Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев “Борбор Азия Республикалары жана Азербайжан” аттуу экономикалык стендинин ачылыш аземине катышты

220

2023-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Борбор Азия өлкөлөрүн жана Азербайжанды Пакистанда илгерилетүүнүн алкагында Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасында жайгашкан “Борбор Азия Республикалары жана Азербайжан” аттуу экономикалык стендинин ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага ошондой эле Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын элчилери, Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги жана ардактуу мүчөлөрү катышты.

Элчи У.Тотуяев өз сөзүндө региондор аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө боло турган боордош мамлекеттердин соода, инвестициялык, туризм жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү жагынан мындай демилгелердин маанилүү ролун белгиледи. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Пакистандын өкүлдөрүнүн катышуусунда масштабдуу бизнес форумдарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Иш-чаранын катышуучулары туруктуу транспорттук (анын ичинде темир жол) коммуникацияларын түзүү, “CASA-1000” жана “ТАПИ” энергетикалык долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле өлкөлөр ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын уюштуруу сыяктуу региондук демилгелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Маалыматтык стендде өлкөлөрдүн экономикалык, инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматтар менен таркатма материалдар, журналдар жана брошюралар көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрү жана Азербайжан менен кабыл алуучу өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын атайын кызматкерлери иш алып барууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK