Кыргызстандын Пакистандагы Элчилиги Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнөн гуманитардык жардам алуу маселесин иштеп чыкты

2122

Covid-19 менен күрөшүүгө багытталган антикризистик иш-чаралардын алкагында, Кыргызстандын Пакистандагы Элчилиги Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнөн гуманитардык жардам алуу маселесин иштеп чыкты.

2021-жылдын 9-апрелинде, Исламабад шаарында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагынын муктаждыктары үчүн Пакистандын Кырсыктарды Коопсуздук боюнча Улуттук комитети Кыргызстандын элчилигине жалпы салмагы 1400 кг болгон 5 миң  N95 медициналык маска, 5 миң коргоочу костюм, 5 миң коргоочу калкан түрүндө гуманитардык жардам тапшырды.

2021-жылдын 10-апрелинде "Авиатраффик" авиакомпаниясынын Исламабад-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс менен 816 килограмм салмактагы гуманитардык жардамдын биринчи партиясы Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK