Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад жана Лахор шаарларында кыргыз жана пакистандык ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-пакистан соода-инвестициялык форуму өттү.

1180

2022-жылдын 19-22-апрелинде Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад жана Лахор шаарларында кыргыз жана пакистандык бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз-Пакистан Cоода-инвестициялык форуму өттү.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен жана USAIDдин Экономикалык интеграция боюнча аймактык кеңсесинин, Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Исламабад, Равалпинди жана Лахор шаарларынын Соода-өнөр жай палаталарынын колдоосунда уюштурулду.

         Форум Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилиги тарабынан экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өткөрүлүп, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы  өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө максатында эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү жана андан ары өнүктүрүүгө багытталган. Мындай иш-чаралар эки мамлекеттинин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүгө таасир этет жана региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү, соода жана инвестициялар үчүн жаңы рынокторду ачууга көмөк көрсөтүшөт.

         Кыргыз делегациясынын курамына айыл чарба, логистика, фармацевтика, туризм, тамак-аш өндүрүшү, курулуш, IT-индустриясы, текстиль өнөр жайы жана башка чөйрөлөрдө иш алып барган компаниялардын, Кыргыз Республикасынын Президент Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун, ошондой эле «Бишкек» Эркин экономикалык зонасынын Башкы дирекциясынын өкүлдөрү киришти.

         Кыргызстан менен Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда Пакистандын эки шаарында өткөн форумдун негизги сессияларында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.А.Тотуяев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы А.Д.Джунушалиев, USAIDдин Экономикалык интеграция боюнча аймактык кеңсесинин башчысы Бано Бурки, ошондой эле Исламабад, Равалпинди жана Лахор шаарларынын Соода-өнөр жай палаталарынын президенттери сөз сүйлөдү.

         Элчи У.Тотуяев өз сөзүндө Кыргыз Республикасында экономиканы жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берди. Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө ишке ашырыла элек олуттуу потенциалы жөнүндө эскертип, бул багыттарды активдүү өнүктүрүү зарылчылыгына өзгөчө басым жасады. Иш-чаранын катышуучуларын ар түрдүү чөйрөлөрдө жана, алардын ичинде, айыл чарба, энергетика сектору, текстиль өнөр жайы, тоо-кен казып алуу жана башка көптөгөн келечектүү тармактарда жигердүү өз ара аракеттенүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүүгө чакырды.

         Форумдун жүрүшүндө кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү, ошондой эле Пакистандын рыногунда аларды кызыктырган багыттар боюнча кеңири презентацияларды тартуулашты. Ошону менен бирге, Пакистан тарабы Пакистан Ислам Республикасынын аймагында бизнес жүргүзүүнүн шарттары жана артыкчылыктары, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык потенциал жана аны өнүктүрүүнүн келечеги жана ошондой эле башка темалар боюнча кеңири маалымат берди. Иш-чаранын алкагында кыргыз жана пакистандык бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр уюштурулду.

         Форумдун жыйынтыгында жогоруда белгиленген иш кагаздарга кол коюлду:

-  “Бишкек” Эркин экономикалык зонасынын Башкы дирекциясы менен “Pvt. ООО” Эл аралык экономикалык зонасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандуму;

- “Бай Элим Компани” ЖЧКУсу менен “HAC AGRI Limited” компаниясынын ортосундагы кум-шекер продукциясын жеткирүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму.

  • Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад жана Лахор шаарларында кыргыз жана пакистандык ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-пакистан соода-инвестициялык форуму өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK