Кыргыз Республикасынын Исламабаддагы Элчилигинде, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында, россиялык журналист жана изилдөөчү Д-р М.Баканова жазып чыгарган "Кыргыздар" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү

1929

2021 жылдын 24-июнунда, Кыргыз Республикасынын Исламабаддагы Элчилигинде, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында, россиялык журналист жана изилдөөчү Д-р М.Баканова орус жана англис тилдеринде жазылып, ушул жылдын февраль айында Канадада басылып чыккан "Кыргыздар" деген китебинин бет ачары болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Бейшембиев өз сөзүндө Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизги этаптары жана биринчи Кытай хроникасындагы Кыргыз эли жөнүндө биздин эрага чейин 3 кылымдагы жазуусу, Кыргыз Каганатынын 9-10 кылымдагы гүлдөөсүү, совет доорундагы жана өлкөнүн 1991 жылындагы эгемендүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Д-р М.Баканова Борбордук жана Түштүк Азия элдеринин тарыхый байланыштарын, байыркы кыргыздардын Афганистандагы Вахан коридорун, Пакистандын түндүк-чыгышындагы Хунза чөлкөмүн, ошондой эле Кашмирде жашаган элдер менен өз ара мамилесин белгиледи.

Иш-чарага Исламабаддагы дипломатиялык корпустун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK