Өлкө туралуу маалымат

Пакистан Ислам Республикасы (урдуча پاکِستان‎ ) – Оңтүштүк Азиядагы мамлекет.

Жер аймагы – 803,9 тыс. км2.

Борбору –Исламабад шаары

Калкы – 200 млн ашык адам. Жергиликтү тургундары: пенджабдыктар, пуштундар, синдхилер, белуджилер.

Расмий тили:  урду жана англис тилдери.

Мамлекеттик дини: Ислам (сүнниттер).

Чоң шаарлар: Карачи (20 млн. адам), Лахор (15  млн. адам).

Мамлекеттик желек - жашыл кездеме ак тик сызык менен, жашыл талаанын ортосунда ак жылдыз жана жарым ай.

Гербинде  жылдыз, жарым ай, калкан жана  гүл чамбар тартылган. Калканда пахта, чай, жут жана буудай өркүндөрү тартылган. Гүлчамбардын астында лентада урду тилинде девизи жазылып турат: "Ишеним. Биримдик. Тартип" ("Иман. Иттихад. Назм").

Улуттук гимни Хафиз Джаландхари (1900-1982 жж.) акындын ырларына  негизделген,  «Бактылуу бол, ыйык жер» деген сөздөр менен башталат.

Пакистандын Эгемендүүлүк күнү - 14 август.

Пакистандын күнү – 23 март.