Кызмат

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ПАСПОРТУ

18-жашка чыга элек КРнын жаранынын атына КРнын жалпы жарандык паспортун тариздөө/алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет:

  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • Баланын паспорту (мурда таризделген болсо) (түп нускасы);
  • Ата-энесинин паспорттору (түп нускалары).

Эгерде баланын ата-энесинин бирөөсү чет өлкөлүк жаран болсо, анда анын паспортунун орус тилине котормосу жана КРнын жарандыгын жана КРнын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Эгерде ата-энесинин бирөөсүнүн паспортунун түп нускасын берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда анын КРнын жарандыгын жана КРнын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Жашы бойго жете элек КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Документтерди тапшыруу учурунда бала жана анын ата-энесинин бирөөсүнүн катышуулары зарыл.

18-жашка чыккан КРнын жарандын атына КРнын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспорттун мөөнөтү өтүп кеткен же паспорт бузулуп калган учурларда):

  • Жалпы жарандык паспорт (түп нускасы);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).

КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

18-жашка чыккан КРнын жарандын атына КРнын жалпы жарандык паспортун тариздөө максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспортту жоготуп же уурдатып алган учурларда):

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы);
  • Жоготулган же уурдатылган жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү;
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).

КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

18-жашка чыккан КРнын жарандын атына КРнын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (жаран өздүк маалыматтарын өзгөрткөн учурунда):

  • Жалпы жарандык паспорт (түп нускасы);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы);
  • Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүгү (түп нускасы).

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта)

18-жашка чыга элек КРнын жаранынын атына КРнын идентификациялык картасын тариздөө/алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет:

  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нускасы);
  • Баланын паспорту (мурда таризделген болсо) (түп нускасы);
  • Ата-энесинин паспорттору (түп нускалары).

Эгерде баланын ата-энесинин бирөөсү чет өлкөлүк жаран болсо, анда анын паспортунун орус тилине котормосу жана КРнын жарандыгын жана КРнын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Эгерде ата-энесинин бирөөсүнүн паспортунун түп нускасын берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда анын КРнын жарандыгын жана КРнын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Жашы бойго жете элек КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Документтерди тапшыруу учурунда бала жана анын ата-энесинин бирөөсүнүн катышуулары зарыл.

18-жашка чыккан КРнын жаранынын атына КРнын идентификациялык картасын алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспорттун мөөнөтү өтүп кеткен же бузулуп калган учурларда):

  • Идентификациялык карта (түп нускасы);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).

КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

18-жашка чыккан КРнын жаранынын атына КРнын идентификациялык картасын  алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспортту жоготуп же уурдатып алган учурларда):

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • Жоготулган же уурдатылган идентификациялык картасынын көчүрмөсү;
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).

КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

18-жашка чыккан КРнын жаранынын атына КРнын идентификациялык картасын алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (жаран өздүк маалыматтарын өзгөрткөн учурларда):

  • Идентификациялык карта (түп нускасы);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы);
  • Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүгү (түп нускасы).

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

***Паспортторго тариздөө үчүн төлөмдөр Элчиликтин Консулдук бөлүмүндө орнотулган терминалдарда накталай же карта аркылуу жүргүзүлөт.

16-жашка чыккан КРнын жарандары үчүн консулдук жыйымы 30$, Мамлекеттик каттоо кызматынын жыйымы орточо эсеп менен 10$ түзөт.

16-жашка чыга элек КРнын жарандары үчүн консулдук жыйымы 15$, Мамлекеттик каттоо кызматынын жыйымы орточо эсеп менен 10$ түзөт.

 ***Даяр болгон паспорттор иш күндөрү саат 09:00дон 18:00го чейин Элчиликтин Консулдук бөлүмүнөн берилет.

 

 

2. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА КАЙТЫП КЕЛҮҮГӨ КҮБӨЛҮК

Эгерде ПИРсынын аймагында Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготкон болсо / паспортунун жарактуулук мөөнөтү бүтсө же паспорту жараксыз болуп калса, анда ага Кыргыз Республикасына кайтуу кубөлүгү берилиши мүмкүн.

Ошондой эле күбөлүк паспорту жок 18 жашка чыга элек адамдарга берилиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүгүн алуу үчүн керектүү документтер:

а) Паспорт жоголгон учурда:

  • жоголгон паспортунун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк (же аскердик билет);
  • ПИРсынын компетенттүү органдары тарабынан берилген, паспорту жоголгондугу боюнча арыз берүүчүнүн кайрылуу фактысын тастыктоочу документ (протокол, маалым-кат ж.б.).

Маанилүү:  паспорту жоголгондугу боюнча арыз берүүчүнүн кайрылуу фактысын тастыктоочу документ берүү мүмкүн эмес болгон учурда арыз ээси паспорттун жоголуусунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кеңири түшүндүрмө берет.

б) Паспорт жараксыз болгон учурда:

  • жараксыз болгон паспорт.

в) Паспорттун жарактуулук мөөнөтү бүткөн учурда:

  • колдонуу мөөнөтү бүткөн паспорт.

г) 18 жашка чыга элек арыз ээсине тариздөө учурунда:

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нускасы);
  • Ата-энесинин паспортторунун түп нускалары;
  • Ата-энесинин нике күбөлүгү же аталыгын тастыктоочу күбөлүк;
  • Баланын 3,5×4,5см өлчөмүндөгү түстүү сүрөтү (баланын өзүн алып келүү кажет эмес);
  • *Ата-энесинин бири чет өлкөлүк жаран болсо, КРнын жарандыгын алууга жана СВРди тариздөөгө нотариус аркылуу таризделген расмий макулдугу керек болот.

Консулдук жыйым 10 АКШ долларын түзөт (16 жашка чейинки балдарга жана 60 жаштан ашкан жарандар үчүн 5 доллар).

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн алынган күндөн тартып колдонуу мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.

Күбөлүк Кыргызстанга кайтуу үчүн гана жарактуу.

 

 

3.Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып кетүү боюнча чыгымдар үчүн бир жолку төлөмдөрдү алуу тартиби

  1. Жалпы маалымат

Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн алып кетүү боюнча чыгымдарды көтөргөн жакын туугандарына же адамдарга чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөм бекитилген өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

  • Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акчаны төлөп жаткан күндөгү курсу боюнча улуттук валютада, учурдагы эсепке которуу жолу менен;
  • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү/консулдук мекемелери тарабынан чет өлкөлүк валютада учурдагы эсепке которуу жолу менен, ал эми ал жок болгон учурда накталай акча менен.
  1. Бир жолку төлөм алуу укугу

Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгүн репатриациялоого байланыштуу тикелей чыгымдарды көтөргөн жакын тууганы же жакын тууганынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катынын негизинде аракеттенген адам (мындан ары - алуучу) бир жолку төлөм алуу укугуна ээ болот. Ошондой эле бир гана адам алуучу боло алат.

  1. Бир жолку төлөм алуу үчүн кайрылуунун тартиби

Бир жолку төлөмдү алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жараны бекитилген форма боюнча туруктуу же убактылуу жашаган жери боюнча  Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө/консулдук мекемесине же Бишкек ш., Москваская көч. 194 (суроо үчүн телефондор: 0 (312) 312 724, 0 (312) 312 779 жана 0 (312) 312778) дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментине Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен паспортун көрсөтүп, арыз жазуу менен ала алат.

  1. Документтердин тизмеси

Алуучу төмөндөгү документтерди тапшырышы керек:

  • каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгүн мекенине алып кетүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөм алуу жөнүндө арыз;
  • арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү;
  • туугандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөсү (нике тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
  • эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн же консулдук легалдаштыруу белгиси бар өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

Тапшырылган документтердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекстерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык алуучуга жүктөлөт.

 

4. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТӨРҮН АЛМАШТЫРУУ

Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн милдеттүү талап - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу каттоонун болушу.

Айдоочулардын күбөлүктөрүн алмаштыруу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:

  1. айдоочунун күбөлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда;
  2. айдоочунун күбөлүгүндө камтылган ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө;
  3. айдоочунун күбөлүгү эскиргендиктен же бузулгандыктан пайдаланууга жарамсыз болуп калса;
  4. айдоочунун күбөлүгүн жоготкондо.

Кыргыз Республикасынын мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  3. ПИРсынын медициналык мекемеси тарабынан берилген, алган датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү) (форма 003-В/У);
  4. Алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  5. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  6. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн жоготсоңуз, төмөндөгү документтерди тапшырышыңыз керек:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  3. ПИРсынын медициналык мекемеси тарабынан берилген, алган датасы 12 айдан ашпоого тийиш болгон медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү) (форма 003-В/У);
  4. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  5. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).  

Консулдук жыйымдардын тарифи

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЧЕЧИМИ

 Бишкек ш., 2012 - жылдын 18 – декабры, N 839

 Консулдук кызмат көрсөтүү үчүн чогултулган каражаттар боюнча

 

Консулдук кызматтардын аталышы

Кыргызстанда консулдук кызмат көрсөтүү үчүн чогултулган каражаттардын нормасы (сом).

Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (АКШ доллары)

Кыргызстандын чегинен тышкары, кабыл алуучу өлкөнүн валютасындагы алмашуу курсу боюнча төлөм

1

- Идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү:

 

 

 

- анкеталарды каттоо жана маалыматтарды иштеп чыгуу

 

30

2

Визаны иштетүү жана визаны колдоо:

 

 

 

1) бир жолку визаны берүү:

- 1 айга чейин

3589

50

 

2) бир жолку визанын мөөнөтүн көбөйтүү:

- 30 күн сайын (1 айга чейин)

704

10

 

3) бир студенттик визанын мөөнөтүн көбөйтүү: - 30 күн сайын (1 айга чейин)

352

5

 

4) көп жолку визаны берүү:

- 1 айга чейин

4315

60

 

5) көп жолку визанын мөөнөтүн узартуу: - 30 күн сайын (1 айга чейин)

1078

15

 

6) көп студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- 30 күн сайын (1 айга чейин)

704

10

 

7) транзиттик визаны каттоо:

 

 

 

- беш күнгө чейин

1783

25

 

8) чыгуу визасын тариздөө; жаңы саякат документине виза которуу

5020

70

 

9) бир адамга визалык колдоо көрсөтүүнү каттоо

352

5

3

Кыргыз Республикасына кайтуу жөнүндө күбөлүк берүү (СВР)

 

10

4

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген ар бир документти легалдаштыруу:

 

 

 

1) жеке жактар үчүн - Кыргыз Республикасынын жарандары

352

5

 

2) жеке жактар үчүн - чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок адамдар

3589

50

 

3) юридикалык жактар үчүн

7189

100

 

4) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандары биргелешип көрсөтүлгөн жеке жактар үчүн ар бир документти легалдаштыруу;

1431

20

5

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн документтерди тариздөө

 

510

6

Балага жарандыкты тандоо боюнча документтерди тариздөө

 

10

7

Кыргыз Республикасынын жарандыгын белгилөө (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо):

 

 

 

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн

 

10

 

2) чет өлкөлүк жарандар үчүн

 

50

8

Никени каттоо:

 

 

 

1) никени каттоо жана нике күбөлүгүн берүү

 

10

 

2) никени соттон тышкаркы тартипте каттоо жана ажырашуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарап)

 

50

 

3) фамилияны, атын, атасынын атын өзгөртүү боюнча материалдарды тариздөө жана тариздөө

 

10

 

4) туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү

 

10

9

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан жасалган нотариалдык аракеттер

 

10

 

Паспортту берүүдө форманын баасы кошумча төлөнөт:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет элдик) паспорту

 

Төлөм (сом)

 

Биринчи жолу алуу же мөөнөтүн алмаштыруу

957

Жоголгон же бузулган үчүн алмаштыруу

1057

Аты- жөнүн алмаштырганда

857

Идентификациялык карта (ID-карт)

 

Биринчи жолу алуу же мөөнөтүн алмаштыруу

486

Жоголгон же бузулганы үчүн алмаштыруу

686

Аты- жөнүн алмаштырганда

546