Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев "B4U" компаниясынын аткаруучу директору жана "RUPA Trading House (pvt) Ltd." компаниясынын башкы директору Шахид Хасан мырза менен инвестициялык кызматташтыктын алкагында жолукту

2259

2021-жылдын 9-августунда Исламабад шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде Элчи Уланбек Тотуяев "B4U" компаниясынын аткаруучу директору жана "RUPA Trading House (pvt) Ltd." компаниясынын башкы директору Шахид Хасан мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар банк, микрокаржылоо, соода, фармацевтика жана медицина боюнча кыргыз-пакистан биргелешкен долбоорлорун, ошондой эле авиация тармагындагы мүмкүн болгон кызматташтыкты талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев мындан аркы кызматташтык ийгиликтүү болоруна ишенимин билдирди, B4U компаниясына кыргыз рыногунда жаңы долбоорлорду ишке ашырууда ийгилик каалады, ошондой эле компаниянын өкүлдөрүнө зарыл болгон саясий жана дипломатиялык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Маалымат үчүн: "B4U" компаниялар группасы Пакистандын «Bravo Homs», «Revolts», «Agrozem», «Niazi Petroleum», «Alpha TV», «Emerging Innovations», «Rehman Farms», «B4U Soft Engineering», «Future Property» сыяктуу 23 компанияны бириктирет.

2020-жылы "B4U" компаниясы Бишкек шаарында филиалын ачкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK