Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын мамлекеттик органдарынын Эл аралык соода борбору менен биргеликте уюштурулган «Улуттук бирдиктүү терезе – ишке ашыруу жана башкаруу» аталышындагы өз ара окуу демилгесинин ачылыш аземине катышты.

701

2022-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын мамлекеттик органдарынын Эл аралык соода борбору менен биргеликте уюштурулган «Улуттук бирдиктүү терезе – ишке ашыруу жана башкаруу» аталышындагы өз ара окуу демилгесинин ачылыш аземине катышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Өз сөзүндө Элчи У.Тотуяев катышуучуларга Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу системасына санариптик технологияларды киргизүүнүн ийгиликтүү натыйжалары жөнүндө маалымат берип, анын натыйжасында салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү, эффективдүүлүктүн жогорулашы, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн жеңилдетүүсүнө алып келгендигин белгиледи. У.Тотуяев мамлекеттер аралык соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө мындай демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул аймактарды ийгиликтүү өнүктүрүүнүн ачкычы болуп саналарын айтып өттү.

Пакистан тарабынын өкүлдөрү, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген катышуучулар Пакистан менен Борбор Азия мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири потенциалы биргелешкен демилгелерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн рационалдуу жана макулдашылган мамилени талап кылат деген пикирлерин билдиришти. Буга байланыштуу соода-экономикалык кызматташуунун механизмдерин жөнөкөйлөштүрүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашууга жана багыттарды түзүүгө даяр экени белгиленди.

Бул иш-чаранын үстүбүздөгү жылдын 14-октябрына чейин улана турган программасында техникалык сессиялар, ошондой эле Пакистандын кызыкдар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен тегерек столдор пландаштырылган.

  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын мамлекеттик органдарынын Эл аралык соода борбору менен биргеликте уюштурулган «Улуттук бирдиктүү терезе – ишке ашыруу жана башкаруу» аталышындагы өз ара окуу демилгесинин ачылыш аземине катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK