Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяевдин Португалия Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Пауло Невес Похиньо менен жолугушуусу тууралуу

2139

Ушул жылдын 20-октябрда Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Португалия Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Пауло Невес Похиньо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибин, анын ичинде Ооганстандагы абалды талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев дүйнөлүк коомчулуктун, анын ичинде Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн ооган элине жардам берүүдө жана Ооганстандагы гуманитардык кризисти болтурбоодо колдоосуна үмүтүн билдирди жана бул өлкөдөгү кырдаалдын турукташуусу Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK