Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги баардык мекедештерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

696

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

Эгемендүүлүк күнү мамлекетибиздин эркиндигинин жана кубаттуулугунун символу катары эсептелет. Эгемендүүлүктү алгандан бери элибиз эгемендүү мамлекет курууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Бүгүнкү күндө өлкөбүз өз элинин жыргалчылыгын жана эл аралык аренадагы ордун чыңдап, ишеним менен алдыга бара жатат.

Бул белгилүү күндө баарыбызга ден соолук, бакубатчылык жана келечекке ишеним каалайбыз! Мекенибиз-Эгемендүү Кыргызстаныбыз гүлдөп өсө берсин!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK