Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги Пакистан элине нөшөрлөп жааган жамгырдын жана алар алып келген суу ташкындарынын кайгылуу кесепеттерине байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат

812

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинде пайда болгон жана адамдардын өлүмүнө алып келген табигый кырсыктардын кайгылуу кесепеттерине байланыштуу Пакистан элине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ушул оор учурда биз орду толгус жоготуулардын кайгысын тең бөлүшөбүз жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз, ал эми бардык жабыркагандарга колдоо сөздөрүн тартуулап, тезирээк сакайып кетишин каалайбыз.

 

Кыргыз Республикасынын

Пакистан Ислам Республикасындагы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Уланбек Тотуяев

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK