Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Пакистандын климаттын өзгөрүшү боюнча министрилиги жана Илбирс Фондусу менен бирдикте Дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнүнө арналган жолугушууну өткөрүштү

6311

2019 ж. 7-мартында, Исламабад ш. Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Пакистандын климаттын өзгөрүшү боюнча министрилиги жана Илбирс Фондусу менен бирдикте Дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнүнө арналган жолугушууну өткөрүштү.

Башкы мейман катары иш-чарага Климаттын өзгөрүшү боюнча федералдык министри даражасындагы Пакистан Премьер Министринин кенешчисы Малик Амин Аслам Кхан мырза, жана Исламабаддагы дипломатиялык корпустун, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, университеттеги студенттер чакырылды.

Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчиси Э.Бейшимбиев өзүнүн сөзүндө катышучуларды Дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнү менен куттуктап, экотуризмдин ак илбирстин жана экосистемалардын сактоо боюнча маанилүү ролун белгиледи, ошондой эле Кыргызстандагы туризм мүмкүнчүлүктөрү жана электрондук виза системасынын киргизүү боюнча, III-Дүйнөлүк Көчмөн Оюндардын Кыргызстанда ийгиликтүү өткөрүлгөнү жөнүндө маалымат берди.

КРнын Элчилиги буклеттерди сунуштады жана Кыргызстандагы туризм жөнүндө видеосун көрсөттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK