Эл аралык университетинин Камкорчулардын кенешинин төрагасы, доктор Асылбек Айдаралиевдин Пакистандын Билим берүү жана кесиптик окутуу министри Шафкат Махмуд менен жолугушуусу

7373

4-апрель 2019 ж. Пакистандагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Кыргызстан Эл аралык университетинин Камкорчулардын кенешинин төрагасы, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, доктор Асылбек Айдаралиевдин Пакистан Ислам Республикасынын Билим берүү жана кесиптик окутуу министри Шафкат Махмуд менен жолугушуусун уюштурду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Пакистан медициналык илим институтунун эл аралык аккредиттөө, аралыктан билим берүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда алмашуу уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Пакистандагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жардамы менен, буга чейин,Улуттук илимдер академиясынын философия институттун,  Кыргыз улуттук агрардык университеттин, Кыргыз улутук медициналык академиянын жана Кыргызстан эл аралык университеттин өкүлдөрүнөн түзүлгөн Кыргызстандын делегациясы, башкы Пакистандын жогорку окуу жайлары менен байланыштарды түзүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, Пакистандын Жогорку билим берүү боюнча комиссиясы, ошондой эле, Лахор, Исламабад жана Равалпинди шаарындагы бир катар Пакистандын университеттери менен жолукту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK