Элчи Э.Бейшембиев Пакистандын китеп фондусунда болуп, балдардын жайкы лагеринин ачылышына катышты
Элчи Э.Бейшембиев Пакистандын китеп фондусунда болуп, балдардын жайкы лагеринин ачылышына катышты
2018-жылдын 3-июлунда, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Э.Бейшембиев Пакистан китеп фондусунда болуп, Фонддогу балдардын жайкы лагеринин ачылышына катышкан. Иш-чаранын ардактуу конокторунун арасында Федералдык маалымат, телерадиоберүү, улуттук тарых жана адабий мурас министри Сайед Али Зафар, Түркмөнстандын элчиси, жазуучулар жана жайкы лагердин балдары катышты.
Сүйлөшүү учурунда Пакистандын делегациясынын үстүбүздөгү жылдын 4-7-октябрында үчүнчү Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышуусу, ошондой эле эки өлкөнүн адабият жаатында кызматташуусу, китеп көргөзмөлөрүн уюштуруу, расмий тилде которуу жана басып чыгаруу Пакистан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын урду талкууланды.