ПИРдагы КР Э-нин пресс-релизи (23.11.18)

8201

2018 жылдын 23-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчиси Э.Бейшембиев Пакистандагы алдынкы жогорку окуу жайларынын бири Бахрия Университетинин жетекчилиги жана "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясаты" курстун студенттери менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын ЭлчисиЭ.Бейшембиев өз сөзүндө Кыргызстандын тарыхы жана тышкы саясатынын курсу, Борбор Азиянын Пакистан менен тарыхый байланыштар, бүгүнкү эки тараптуу кыргыз-пакистан мамилелери, экономикалык, инвестициялык жана туристик  мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Университеттин ректору отставкадагы Вице-Адмиралы М.Шафик менен жолугушуунун жүрүшүндөжогорку окуу жайлары менен кызматташууну түзүү,мугалимдер жана студенттер арасындагы алмашуу жана биргелешкен изилдөөлөрдү уюштуруу маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK