Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев «Belt and Road Consultants Pvt Ltd, «Diplomatic Insight Group»тун Башкы директору, «Diplomatic Insight» журналынын башкы редактору жана "Тынчтык жана дипломатиялык изилдөө институтунун" Президенти менен жолукту

1681

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев «Belt and Road Consultants Pvt Ltd, «Diplomatic Insight Group»тун Башкы директору, «Diplomatic Insight» журналынын башкы редактору Мухаммад Асиф Нур мырза жана "Тынчтык жана дипломатиялык изилдөө институтунун" Президенти Фархат Асиф айым менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын илим, маданият, туризм, соода жана инвестиция жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, маектештер эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү үчүн биргелешкен иш-чараларды уюштурууну иштеп чыгууну, бизнес-ассоциациялар менен байланыш түзүүнү, ошондой эле маалымат алмашууну жөнгө салууну макулдашышты.

Мындан тышкары, бир жылдын ичинде Пакистан бизнес өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапары тууралуу келишимдер түзүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK