Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Глобалдык жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун аткаруучу директору жана Пешавар университетиндеги Борбордук Азияны, Кытайды, Орусияны изилдөө борборунун директору менен жолукту

2127

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Глобалдык жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун (CGSS) аткаруучу директору Халид Таймур Акрам жана Пешавар университетиндеги Борбордук Азияны, Кытайды, Орусияны изилдөө борборунун директору, профессор Шабир Ахмад Хан менен жолукту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкөлөрдүн жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыгын чыңдоо, студенттердин алмашуусун уюштуруу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана басылмаларды чыгаруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында «Пакистан - Евразия: академиялык жана социалдык -экономикалык кызматташтык үчүн өз ара байланыш» аттуу конференцияга катышуу үчүн Элчи У.Тотуяевдин Пешавар университетине барышы боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата Пакистандын бир нече жогорку окуу жайларында сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу жөнүндө макулдашуулар түзүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK