Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары М.А.А. Куреши менен жолугушту

2178

2021-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары М.А.А. Куреши менен жолугушту.

Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары М.А.А. Куреши У.Тотуяевди Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгынын бардык спектрин талкуулашты, анын ичинде эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын отурумдын, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин консультацияларын өткөрүү, жогорку билим берүү жаатындагы кызматташуу жана Пакистан медициналык комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир катар медициналык жогорку окуу жайларын таануу жолдорун, Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда түз аба каттамын ачуу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK