Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяев Пешавар шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы жана Өнөр жайчылар ассоциациясынын президенти менен жолугушту

1705

Пакистандын Пешавар шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяев Сархад соода-өнөр жай палатасынын президенти Шербаз Ильяс Газанфар Билур мырза жанаПешавар шаарынын Өнөр жайчылар ассоциациянын президенти Малик Имран Исхак менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин учурдагы абалын жана аларды өнүктүрүүнүн келечегин кеңири талкуулашты. Элчи У.Тотуяев пакистан тарабына Кыргыз Республикасынын экспорттук жана инвестициялык потенциалы жөнүндө маалымат берди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын соода-өнөр жай палаталарынын тилкелери боюнча кызматташтыктын багыттарынын кеңири спектрин жана эки өлкөнүн ишкерчөйрөлөрүнүн, айрыкча фармацевтика тармагындагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын Элчилиги Пешавардын Соода-өнөр жай палатасынын ардактуу мүчөлөрүн ушул жылы Бишкек шаарында өткөрүүгө пландаштырылган экинчи кыргыз-пакистан бизнес форумуна катышууга чакырды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK