Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигинин демилгеси менен Пакистан Адабият Академиясы тарабынан урду тилине которулуп жана чыгырылган Ч.Айтматовдун "Жамийла", "Кош бол Гүлсары" жана " Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт " аңгемелери кирген китебинин бет ачары болуп өттү

1839

2021-жылдын 6-июлунда Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигинин демилгеси менен Пакистан Адабият Академиясы тарабынан урду тилине которулуп жана чыгырылган  Ч.Айтматовдун "Жамийла", "Кош бол Гүлсары" жана " Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт " аңгемелери кирген китебинин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага жазуучулар, илимпоздор, дипломатиялык корпустун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Бейшембиев өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун китебинин бет ачары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгында болгонун белгилеп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнүн негизги этаптары, Айтматовдун өмүр жолу жана бай адабий мурасы, анын чыгармарлары 176 тилге которулганы жөнүндө айтып берди.

Иш-чаранын алкагында Элчилик тарабынан ошондой эле Ч.Айтматов жөнүндө документалдык тасма көрсөтүлдү, сүрөт көргөзмөсү, стенддер жана туристтик  буклеттер, кыргыз ырларынын аткарылышы уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK