Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.Тотуяевдин Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу тууралуу

425

2023-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев “Glitz Pharma” фармацевтикалык компаниясынын бизнести өнүктүрүү боюнча директору Чаудхари Билал менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар фармацевтика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин кеңири талкуулашты, ошондой эле бул багыттагы мындан аркы жемиштүү иштердин шарттары боюнча пикир алмашышты.

Элчи У.Тотуяев пакистан тарабына Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна андан ары экспорттоо үчүн келечектүү мүмкүнчүлүктөр бар экендгинин белгиледи. Ал КРнын өкмөтү чет элдик фармацевтикалык компанияларынын бизнесин колдоо үчүн баардык зарыл болгон жардамды берүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Ч.Билал жакын арада фармацевтикалык компаниялардын бизнес-делегациясы менен Кыргызстанга иш сапар менен барууга, бул тармактагы продукцияны экспорттоого жана өндүрүштөрдү ачуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK