Пакистан Ислам Республикасынын бизнес-делегациясынын “Бишкек” эркин экономикалык зонасына болгон иш сапары жөнүндө

1398

Ушул жылдын 27-декабрында Пакистан Ислам Республикасынын ишкерлер делегациясынын Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.А.Тотуяев менен бирге иш сапарынын алкагында, алар «Бишкек» Эркин экономикалык зонасына барышты.

Аталган иш-чаранын алкагында делегация мүчөлөрү «Бишкек» Эркин экономикалык зонасынын башкы директору К.М.Тайчабаров менен жолугушуп, эки тараптуу бизнес чөйрөсүндөгү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн багыттарын талкуулашты. Кыргыз тараюы Пакистандын ишкерлери менен биргелешкен ишканаларды ачуу жана эки тарапка тең пайдалуу соода алакасын түзүү багытында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Пакистан тарабынын өкүлдөрү ошондой эле «Бишкек» Эркин экономикалык зонанын аймагындагы бир катар ишканаларды, анын ичинде тамак-аш азыктарын жана текстиль продукцияларын чыгаруучу ишканаларына барып, алардын иши менен таанышышты.

  • Пакистан Ислам Республикасынын бизнес-делегациясынын “Бишкек” эркин экономикалык зонасына болгон иш сапары жөнүндө

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK