Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Кыргызстандын Пакистандагы Элчилигинин демилгеси боюнча Пакистан өкмөтүнүн Улуттук мурас жана маданият департаментинин колдоосу менен уюштурулган Кыргызстан менен Пакистандын билим, маданият жана туризм тармагындагы мамилелерин өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 30-жылдыгына арналган масштабдуу иш-чара болуп өттү.

834

2022-жылдын 2-ноябрында Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Кыргызстандын Пакистандагы Элчилигинин демилгеси боюнча Пакистан өкмөтүнүн Улуттук мурас жана маданият департаментинин колдоосу менен уюштурулган Кыргызстан менен Пакистандын билим, маданият жана туризм тармагындагы мамилелерин өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 30-жылдыгына арналган масштабдуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин саясий жана коомдук мамилелер, улуттук мурас жана маданият боюнча федералдык министр даражасындагы кеңешчиси Амир Мукам, Кыргыз Республикасынан чакырылган туристтик компаниялардын өкүлдөрү, улуттук кийимдердин дизайнерлери жана сүрөтчүлөрү, ошондой эле кабыл алуучу өлкөнүн билим берүү, маданият жана туризм тармагынын өкүлдөрү катышышты.

Негизги максаттардын арасында Кыргыз Республикасынын билим берүү программаларын кабыл алган өлкөнүн коомчулугуна жайылтуу, эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын көрсөтүү болду. Буга байланыштуу катышуучуларга Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана турмушунун элементтери, улуттук кийимдери көрсөтүлүп, ошондой эле туристтик мүмкүнчүлүктөрдүн презентациялары көргөзүлдү.

Бул иш-чаранын алкагында кыргыз маданиятын даңазалоо максатында Кыргыз Республикасынын өнөрпоздору өзүлөрүнүн чыгармаларын элге тартуулашты.

Жыйынтыктоочу сөзүндө Элчи У.Тотуяев маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, эки өлкөнүн борборлорунда маданият күндөрүн өткөрүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Ч.Ч. Айтматовдун 95-жылдыгына арналган юбилейдик иш-чараны уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал кабыл алуучу өлкөнүн өкүлдөрүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жогорку деңгээлин жана сапатын эске алуу менен Кыргыз Республикасында билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Мындан тышкары, ал маданият жана туризмди өнүктүрүү максатында Пакистан тарабы менен мындан аркы биргелешкен иш-чараларды уюштуруу пландары билдирди.

Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси А.Мукам Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий, тарыхый жана диний байланыштарды чыңдоо үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн ырастады.

Ушул жылдын 4-ноябрында ушундай эле иш-чара Пакистандын Лахор шаарында да өткөрүлөт.

  • Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Кыргызстандын Пакистандагы Элчилигинин демилгеси боюнча Пакистан өкмөтүнүн Улуттук мурас жана маданият департаментинин колдоосу менен уюштурулган Кыргызстан менен Пакистандын билим, маданият жана туризм тармагындагы мамилелерин өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 30-жылдыгына арналган масштабдуу иш-чара болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK