Пресс-релиз Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Мамлекетиндеги Элчилик «Ар түрдүүлүктүн майрамы - PFOWA 2018» деп аталган ар жылдык кайрымдуулук базарына катышты (25-ноябрь, 2018-ж., Исламабад ш.)

8203

25-ноябрь, 2018-ж. Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Мамлекетиндеги Элчилик Пакистандын тышкы иштер министрликтин Аялдардын бирикмеси (PFOWA) менен уюштурулган ар жылдык кайрымдуулук базарына катышты.

Бул жылдык базардын темасы «Ар түрдүүлүктүн майрамы» де п аталды.

Майрамдык иш-чара Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши мырза, тышкы иштер катчысы Тахмина Жанжуа айым жана  ардактуу конок Пакистандын биринчи айымы Самина Алви катышуусу менен өттү.

Кыргызстанга арналган павильонунда көркөм өнөрдүн чыгармалары, белгилүү кыргыз жибек жоолуктар, кийизден жасалган кол өнөрчүлүктөр, улуттук кыргыз кийимдер жана ошондой эле салттуу кыргыз улуттук тамактардын түрлөрү көрсөтүлдү.

Кыргызстандын павильону көп сандагы келген конокторго кызыктуу болду. Элчиликтин кызматкерлери конокторго кыргыз элинин үрп-адаттары жана каада-салттары тууралуу маалымат берип, улуттук тамак-аштарды сунушташты.

Кайрымдуулук иш-чара элдердин ортосундагы тынчтыкты жана бир туугандыкты жайылтуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду.

«Ар түрдүүлүктүн майрамы - PFOWA 2018» кайрымдуулук базары майрамдуу, жылуу жана достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK