“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) – 2021-жылдын 11-апрели

3139

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 11-апрелинде, жекшемби күнү “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.

 Белгиленген Мыйзамдын 3-беренесинде добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроонун тѳмѳнкүдѳй баяндалышы бекитилген:

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ) чыгарылган долбоор кабыл алынсын, “МАКУЛ”, “КАРШЫ”, (Өзүңүз тандаган жоопко чарчыда тийиштүү белги коюуңуз).

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен тыкыс ѳз ара аракетте референдумду ѳткѳрүүнү уюштурууну, мыйзамдардын сакталышын кѳзѳмѳлдѳѳнү, аны даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ коомчулукту маалымдоону камсыз кылуу каралган.

Кыргыз Республикасынын Конституицясында Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат жана өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат. Эркин шайлоолор менен бирге референдум түздѳн түз эл бийлигин билдирүү болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK