2021-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө сүйлөштү

2458

Министр Казакбаев тараптар ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкенин жана кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга ниеттенгендигин билдирди. Министр 2021-жылдын 29-апрелиндеги окуялардын жүрүшү жана Кыргызстандын чек ара аймактарындагы учурдагы абал жөнүндө маалымат берди. Бишкектин эл аралык жана эки тараптуу милдеттенмелерди жана келишимдерди карманарын баса белгиледи.

Атайын өкүл Буриан тараптардын ок атышууну токтотуу макулдашуусун жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу чыр-чатакты ыкчам түрдө жөнгө салуу боюнча Протоколго кол коюусун кубаттады. Ошол эле учурда, ал кырдаалды тынчтык жөнгө салуудагы кыргыз тараптын салымын өзгөчө белгиледи. Элчи Буриан Европа Биримдигинин учурдагы аймактык жана эки тараптуу программаларынын алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK