2021-жылы 16-мартта Исламабад шаарында Элчи Э.Бейшембиев "Salbion Health Sciences Private Ltd" фармацевтикалык компаниясынын башкы директору Мухаммад Акил Шариф мырза менен жолугушту.

1603

2021-жылы 16-мартта Исламабад шаарында Элчи Э.Бейшембиев "Salbion Health Sciences Private Ltd" фармацевтикалык компаниясынын башкы директору Мухаммад Акил Шариф мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар фармацевтика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, ошондой эле Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн бир катар дары-дармектерди жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Пакистан тарап инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында жакынкы аралыкта иш сапары менен биздин өлкөгө келүү ниетин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK