2020-жылдын 17-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Эрик Бейшембиев мырза Гвадарга келип, “Кытай Пакистан экономикалык коридору - Борбор Азия өлкөлөрүнүн бизнес мүмкүнчүлүктөрү” саммитине катышты. Саммит Равалпинди соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулуп, ага Пакистанда аккредиттелген Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын башчылары, Пакистандын саясий жана мамлекеттик жетекчилери жана Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү чакырылган.

1274

Иш-чарага “Пакистан эл аралык авиакомпаниялары”, “Innovative Energy Solutions”, “Qmarketing”, “COPHC”, “MPCL” жана башка 100дөн ашуун компаниялардын өкүлдөрү катышты. Гвадар портунун инвестициялык, соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берилди. China Overseas Ports Holding Company компаниясынын жетекчилиги кыргыз тарапка порт менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, ошондой эле кыргыз ишкерлери үчүн Гвадар портун ачууга даяр экендигин билдирди.

Саммиттин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Эрик Бейшембиев мырза сөз сүйлөп, саммиттин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын экономикалык жана инвестициялык потенциалы жөнүндө маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK