Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Протоколунун башчысы Али Хайдер Алтафка тапшырды.

1834

2021-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Протоколунун башчысы Али Хайдер Алтафка тапшырды.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин протоколунун башчысы Али Хайдер Алтаф У.Тотуяевди Кыргызстандын Пакистандагы элчисинин дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Элчи У.Тотуяев Кыргызстан менен Пакистандын тыгыз тарыхый жана маданий байланыштарын, Кыргыз Республикасынын эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын белгиледи.

Элчи У.Тотуяевдин Пакистан Ислам Республикасынын Президенти доктор Ариф Алвиге ишеним грамотасын тапшыруусу ушул жылдын сентябрь айынын биринчи жарымына пландаштырылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK