Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Лахордогу чоң университетеринин бири «Superior" Университетинин жумушу менен таанышты

1585

2021-жылдын 14-сентябрында Лахор шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Лахордогу чоң университетеринин бири «Superior" Университетинин жумушу менен таанышты.

         Университеттин жетекчилиги менен болгон жолугушууда элчи У.Тотуяев Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы тарыхый жана руханий тыгыз байланыштарды белгилеп, билим берүү, маданий жана гуманитардык өз ара байланышты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Университетте "Борбор Азиянын бурчун" ачуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле студенттер менен окутуучуларды алмашуу программаларын талкуулашты.

Элчилик Кыргызстандын билим берүү, туризм жана инвестициялык потенциалы жөнүндө толук маалымат берип, ошондой эле илимий, билим берүү жана академиялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK