2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо

2589

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо

 

         2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болот. Кыргызстанда шайлоону ачык-айкын жана эл аралык стандарттарга ылайык өткөрʏʏ боюнча бардык даярдыктар жʏрʏп жатат. Бул максатта парламенттик шайлоо маалымат технологиясынын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарынын негизинде жʏргʏзʏлөт. Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинен, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан ж.б. эл аралык байкоочулардын катышуусу кʏтʏлʏʏдө.

         Шайлоо кʏнʏ 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, анын ичинде чет элде жашап жаткандар дагы өзʏнʏн шайлоо укугун ишке ашыра алат. Пакистандын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрʏнʏн жашоо ордуна жараша Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинде (УШК №9049) добуш бере алышат.

         Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматты тапшырган жана консулдук каттоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандары гана чет өлкөдө добуш бере алышат. Биометрикалык маалыматты тапшыруу ʏчʏн эмне кылуу керек? Ал ʏчʏн Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигине кайрылып, ал жерден бул процедурадан өтсө болот.

         Эгерде Сиз биометрикалык маалыматты тапшырган болсоңуз жана консулдук каттоодо турсаңыз, анда Сиз автоматтык тʏрдө тийиштʏʏ участокто шайлоочулардын тизмесине киресиз. Тизмеден өзʏңʏздʏ онлайн жʏзʏндө https://tizme.gov.kg/ дареги боюнча жана Пакистандагы жогоруда аталган шайлоо участогунда 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына (менен кошо) чейин текшерсеңиз болот. Шайлоочуларды тааныштыруу жана өзʏ тууралуу маалыматты тактоо ʏчʏн тизмелер шайлоо участокторунда илинет.

         Консулдук учетко турбаган жана биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинде мындай процедурадан өтө алат жана өздөрʏнʏн паспорттук маалыматтарын тактай алат.

         Шайлоочулардын акыркы тизмеси 2021-жылдын 18-ноябрында «Тизме» порталында тʏзʏлөт жана жайгаштырылат, 2021-жылдын 21-ноябрында Участкалык шайлоо комиссиясында илинет.

         2021-жылдын 28-ноябрында – Шайлоо кʏнʏ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-картаны) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун ала келʏʏ керек. Кыргыз Республикасынын жарандарын Пакистанда жогоруда аталган шайлоо участогуна 2021-жылдын 28-ноябрында саат 08:00 тартып 20:00 чейин боло турган шайлоого катышууга жана жарандык активдʏʏ позицияны көрсөтʏʏгө чакырабыз.

 

Бардык суроолор боюнча төмөнкʏ даректерге кайрылууга болот:

Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилиги:
Офис: +92 51 2250010 / 2250020
Моб/WhatsApp: +92 333 5070460
E-mail: kgembassy.pk@mfa.gov.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK