Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин 2021-жылдын 15-октябрындагы маалыматтык билдирүүсү

2294

2021-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Сокулук районунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен жеке менчик чакан ГЭСтин ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстанда мындай долбоорлорго инвестиция салуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөндүгүн маалымдап, чет өлкөлүк инвесторлорду Кыргыз Республикасында ГЭСтердин курулушуна инвестиция салууга үндөдү. Мындай демилгелерди ишке ашыруу инвесторлор үчүн дагы, өлкөнүн энергетика тармагы үчүн да пайдалуу болору айтылды.

Буга байланыштуу, Элчилик бардык кызыкдар пакистандык компанияларды Кыргызстанда чакан ГЭСтердин курулушуна инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырат жана келечектеги мүмкүн болгон долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн максималдуу жардам берүүгө даяр экенин билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK