ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюциясы бир добуштан кабыл алынды

1408

2021-жылдын 23-ноябрында ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюциясы бир добуштан кабыл алынды. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында жарыяланган.

Бардык мамлекеттердин жалпы колдоосу менен Кыргызстандын резолюциясына ЮНЕСКОнун төмөнкү мүчө-мамлекеттери демөөрчүлүк кылышты: Россия Федерациясы, Швейцария, Өзбекстан, Сербия, Бангладеш, Кытай, Эфиопия, Филиппин, Тунис, Испания, Мадагаскар, Аргентина, Демократиялык Республикасы Конго, Корея, Италия, Белоруссия, Кения, Габон, Намибия, Казакстан, Исландия, Улуу Британия, Австрия.

Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү тарабынан бул резолюциянын долбоорун илгерилетүү боюнча кеңири эл аралык кампания жүргүзүлдү, анда аккредитацияланган өлкөлөрдө ар кандай форматтагы презентациялар, резолюциянын мазмуну ЮНЕСКОго мүчө-өлкөлөр менен макулдашуу камтылган.

Резолюциянын негизги максаты – келечек муундарды туруктуу өнүктүрүү принциптеринин негизинде коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрө менен камсыз кылуу жана 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер аркылуу тоо мөңгүлөрүнө жана түбөлүк тоңго мониторинг жүргүзүү жана изилдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө.

Кыргызстандагы көп кылымдык мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Эриген мөңгүлөр биологиялык ар түрдүүлүк жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөргө жана дагы глобалдык мааниге ээ болгон артыкчылыктуу тоо жана өрөөндөр экосистемаларына да кеңири таасир этет.

Климаттын өзгөрүшү боюнча ЮНЕСКОнун демилгелери жана жүргүзүлүп жаткан иш-чаралары менен тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана изилдөө жана тоо экосистемаларын коргоого басым жасоо зарыл.

ЮНЕСКО өзүнүн компетенттүү чөйрөлөрүндө өзүнүн ишенимдүүлүгүн, ченемдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, тажрыйбаларын пайдалануу менен сектор аралык мамилелерди жана биримдикти чыңдоо аркылуу, тоо мөңгүлөрүн изилдөө жана мониторинг жүргүзүүгө байланышкан маселелерди артыкчылык менен чечүүгө эл аралык коомчулукту бириктире алат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK