Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пакистан Армиясынын Штабынын Башчысы Камар Джавед Баджва менен жолугушту

1313

2022-жылдын 22-мартында Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин 48-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин  Пакистан Армиясынын Штабынын Башчысы Камар Джавед Баджва менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулашты, айрыкча терроризм, экстремизм жана анын башка коркунучтары сыяктуу заманбап чакырыктарга каршы турууда күч-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгына басым жасалды.

Министр Р.Казакбаев пакистан тарабына Кыргыз Республикасы аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл буруп жаткандыгы тууралуу маалымат берди жана буга байланыштуу эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуу жана Кыргызстандын аскер кызматкерлерин Пакистан Ислам Республикасына Пакистандын аскердик окуу жайларында окууга жөнөтүү өңүтүндө Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде К.Баджва аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында кыргыз тарабы менен мындан ары да натыйжалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK