Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси У.Тотуяевдин Ыйык Рамазан айынын аякташы жана келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктоосу!

1457

Урматтуу мусулмандар!

Сиздерди Ыйык Рамазан айынын аякташы жана келе жаткан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Боорукердикти, кайрымдуулукту жана айкөлдүккө умтулууну символдоштурган бул ыйык майрам, баардыгыбызга тынчтык жана бакубатчылык алып келсин жана жаңы олуттуу ийгиликтерге жетүүгө дем-күч берсин. Кыргызстаныбыз мындан да ары  өнүгүп өсөрүүнө, жерибизде ар дайым тынчтык жана бакубатчылык болооруна терең ишенем.

Ар бириңиздерге тилеген тилектериңиздер кабыл болушун, ар бир үй-бүлөдө ынтымак, аманчылык жана тынчтык болушун каалайм.

Урматтоо менен,

 

Кыргыз Республикасынын

Пакистан Ислам Республикасындагы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Уланбек Тотуяев

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK