Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрөнү коргоо күнүнө карата жыл сайын өтүүчү семинарга катышты.

896

2022-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрөнү коргоо күнүнө карата жыл сайын өтүүчү семинарга катышты.

Бул иш-чарага кабыл алуучу өлкөнүн илимий жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатында жигердүү иш алып барган уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Элчи У.Тотуяев өз сөзүндө атмосферанын, дүйнөлүк океандардын жана жер кыртышынын булганышынан, ошондой эле токойлорду массалык түрдө кыюудан улам адамзат туш болуп жаткан учурдагы көйгөйлөр жана чакырыктар тууралуу маалымат берди. Буга байланыштуу, ал дүйнөлүк коомчулуктун курчап турган чөйрөнү коргоого, ошондой эле табигый биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган аракеттерин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын катышуучулары климаттын өзгөрүшүнө жана планетанын глобалдык булганышына байланышкан актуалдуу глобалдык көйгөйлөр боюнча өз ойлорун ортого салышты, ошондой эле аларды чечүүнүн натыйжалуу чаралары боюнча өз көз карашын сунушташты.

Ушуну менен бирге, иш-чаранын жүрүшүндө, Пакистандын айрым уюмдарынын өкүлдөрү курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы келечектүү технологияларды жана алардын ишке ашыруу жолдорун көрсөткөн долбоорлорду көрсөтүштү.

  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрөнү коргоо күнүнө карата жыл сайын өтүүчү семинарга катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK