Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Файсалабад шаарынын Аялдар соода-өнөр жай палатасынын президенти Нигат Шахид менен жолугушту.

987

Ушул жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Файсалабад шаарынын Аялдар соода-өнөр жай палатасынын президенти Нигат Шахид менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана атап айтканда, текстиль өнөр жайы, азык-түлүктөрдү импорттоо-экспортоо, тоо-кен өнөр жайы жана айыл чарба тармагындагы кызматташуунун келечектерин талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев пакистандык тарабына бизнести өнүктүрүүдө аялдардын маанилүү ролун баса белгилеп жана Кыргыз Республикасы менен мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттары тууралуу маалымат берип, эки тараптын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүп, аларды колдоо аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Н.Шахид Файсалабад шаарынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн, атап айтканда, Кыргызстандын рыногуна чыгууга кызыкдар экенин белгилеп, бул багытта кыргыз тарабы менен бирге активдүү иш алып баруу ниетин билдирди.

Тараптар жакынкы аралыкта текстиль тармагында иштеген пакистандык компаниялардын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштурууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK