Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министри Сайед Навид Камар менен жолугушту.

787

2022-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министри Сайед Навид Камар менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, атап айтканда, соода-экономикалык, инвестициялык жана техникалык кызматташууну талкуулашты. Ушуну менен бирге, соода жүгүртүүнү көбөйтүүдө биргелешкен жигердүү иштерди жүргүзүүнүн, ошондой эле айыл чарба, тоо-кен, фармацевтика жана текстиль өнөр жайы, энергетика, өнөр жай жана туризм сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнүн жана CASA-1000 сыяктуу актуалдуу региондук долбоорлорду ишке ашыруунун зарылчылыгы баса белгиленди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда жогоруда аталган багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экендигинин белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн эки өлкөнүн жооптуу мамлекеттик органдары менен бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле натыйжалуу банк системасын түзүү жолу менен координациялоонун эффективдүү механизмдерин иштеп чыгууну жана ийгиликтүү ишке ашырууну максатка ылайыктуу деп эсептешти.

Элчи У.Тотуяев жогоруда айтылган маселелерди алдыга жылдыруу максатында соода-экономикалык чөйрөдө соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны жана биргелешкен бизнес-форумдары сыяктуу эки тараптуу иш-чараларды өз убагында өткөрүүнүн жана ошондой эле инвестициялык фонддорду түзүү аркылуу инвестиция чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде министр С.Н.Камар эки өлкөнүн ортосунда өнүгүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экендигине макул болуп, буга байланыштуу пландарды ишке ашыруу үчүн кыргыз тарабы менен активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министри Сайед Навид Камар менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK