Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2-саясий консультациялар болуп өттү

747

2022-жылдын 18-августунда Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басарынын Айбек Артыкбаев жана Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Аамир Афтаб Куреши деңгээлинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2-саясий консультациялар болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун азыркы учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин түзүлүшүнүн 30-жылдыгынын алкагында кызматташууну ар тараптуу кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги иш сапарларды уюштуруу маселелерине токтолушту.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев өз сөзүндө эки тараптуу күн тартибинин негизги аспектилерине токтолуп, Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрликтеринин эки тараптуу саясий байланыштарын активдештирүүгө, соода, инвестиция, билим берүү, илим, медицина жана маданият тармактарында, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу жагынан кызматташууну натыйжалуу өнүктүрүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган координацияланган ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда тыгыз байланыштарды түзүү жана өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты арттыруу үчүн эффективдүү логистикалык маршруттарды уюштуруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. ШКУ, ИКУ, ЭКУ жана сыяктуу аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында, өзгөчө коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактык интеграцияны өнүктүрүү жаатына көңүл буруу менен кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы кеңири потенциалды белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди тереңдетүүгө жана активдештирүүгө даяр экендиктерин ырасташты, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу тараптар мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун деңгээлинде өз ара мамилелерди кеңейтүү, эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын жаңыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү жана ар кандай долбоорлорду колдоо жагынан жакшы макулдашылган биргелешкен иштерди жүргүзүүгө макулдашышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар 2022-жылдын октябрынын башында соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйынын өткөрүү жана аны кезектеги эки тараптуу бизнес-форум менен айкалыштыруу боюнча макулдашышты. Ошону менен бирге транзиттик соода боюнча эки тараптуу келишимге кол коюу жана соода-сатык боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү сыяктуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү механизмдерин иштеп чыгуу жана натыйжалуу колдонуу зарылчылыгы тууралуу макулдашышты.

  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2-саясий консультациялар болуп өттү
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2-саясий консультациялар болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK