Исламабад шаарында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын белгилөөгө арналган семинар болуп өттү

826

2022-жылдын 8-сентябрында Исламабад шаарында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын белгилөөгө арналган семинар болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Пакистандын Тынчтык жана Дипломатиялык изилдөөлөр институту менен биргеликте уюштурулду. Семинарга Пакистандын илимий чөйрөсүнүн жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин өнүгүшү, ошондой эле Кыргызстандын кооз жерлеринин жана маданий элементтерин чагылдырган тематикалык фото көргөзмө уюштурулду.

Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев өз сөзүндө мындай иш-чараларды өткөрүүнүн кыргыз-пакистан эки тараптуу мамилелери үчүн маанилүүлүгүн аныктап, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы боордош мамлекеттердин ортосундагы байланыштыруучу элементи катары эсептелгендигин баса белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызстан жана анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеоролик тартууланды.

  • Исламабад шаарында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын белгилөөгө арналган семинар болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK