Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 19-сентябры Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

1017

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгына ылайык 2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде орун алган куралдуу кагылыштын кесепетинен каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү үчүн 2022-жылдын 19-сентябры Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Көңүл айтуу китебине кол коюу үчүн 2022-жылдын 19-сентябр, дүйшөмбү күнү саат 9:00дөн 13:00гө чейин жана 15:00дөн 18:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Исламабад шаарындагы Элчилигинде төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү болот: үй №12, көчө №33, сектор F8-1, Исламабад шаары, Пакистан Ислам Республикасы.

Альтернатива катары Виртуалдык көңүл айтуу китеби 2022-жылдын 19-сентябрында төмөнкү электрондук почта дареги боюнча жеткиликтүү болот: kgembassy.pk@mfa.gov.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK