Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын Төрагасы Мухаммад Садик Санжрани менен жолугушту.

870

2022-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын Төрагасы Мухаммад Садик Санжрани менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, атап айтканда, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттик достук топторунун ишин активдештирүү жана эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын деңгээлиндеги өз ара иш сапарлар менен алмашууну талкуулашты. Эл аралык кырдаалдын өнүгүшү боюнча пикир алмашуу учүрунда, тараптар туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу үчүн региондогу өлкөлөр аралык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Маектешкендер үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын тилкесинде болгон куралдуу кагылышууну талкуулашты. Айтылган жагдайда Элчи У.Тотуяев пакистан тарабын ушул окуяларга объективдүү баа берүүгө чакырды.

Өз кезегинде, М.С.Санжрани мындай көрүнүштөр менен тынчсыздануусун билдирип, ушул сыяктуу талаш-тартыштарды дипломатиялык жол менен сүйлөшүү үстөлүндө чечүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK