Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Эл аралык атайын экономикалык зонасынын директору Мухаммад Таусиф Заман менен жолугушту.

620

2022-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Эл аралык атайын экономикалык зонасынын директору Мухаммад Таусиф Заман менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты. Тактап айтканда, өз ара сооданын көлөмүн диверсификациялоо жана көбөйтүү, биргелешкен ишканаларды ачуу, ошондой эле билим берүү жана туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Элчи У.Тотуяев 2022-жылдын апрель айында өткөн кыргыз-пакистан соода-инвестициялык форумунун жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын июнь жана ноябрь айларында Пакистандын Эл аралык атайын экономикалык аймагынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга иш сапарлары уюштурулганы жана алардын алкагында «Бишкек» Эркин экономикалык зонасы менен Пакистандын Эл аралык атайын экономикалык зонасынын ортосунда Кыргызстанда өкүлчүлүк ачуу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгы менен канаттаануусун билдирди.

Бул контекстте ал өз ара сооданы өнүктүрүү үчүн call-центрди, логистикалык борборду ачуу, Ысык-Көл облусунда курорттук жана эс алуу жайларын куруу жана модернизациялоо, ГЭСтерди курууга инвестиция тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынында текстиль өндүрүшүн түзүү сыяктуу биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, М.Т.Заман Кыргыз Республикасы менен көптөгөн багыттар боюнча ийгиликтүү байланыштар түзүлгөндүгүн белгилеп, эң жакынкы келечекте коюлган пландарды иш жүзүндө ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK