Исламабад шаарында Кыргызстандын Конституциясынын 30 жылдыгына жана Кыргызстандын Эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

51

2023-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Исламабад шаарындагы Элчилигинде Кыргызстандын Конституциясынын 30 жылдыгына жана Кыргызстандын Эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага пакистан тарабынан саясатчылар, илимий жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары катышышты.
Маданий программанын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ошондой эле Ч.Т.Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган видеоматериалдар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, Эл жазуучусунун урду тилине которулган китептеринин бет ачары уюштурулуп, жогорудагы темаларда сүрөт көргөзмөсү тартууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK