Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяевдин “Zeeruk International Pvt Ltd” компаниясынын башкы аткаруучу директоруИнам ур Раб Хан Минхас менен жолугушуусу тууралуу

50

2023-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев “Zeeruk International Pvt Ltd” компаниясынын башкы аткаруучу директору Инам ур Раб Хан Минхас менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана анын ичинде, мамлекеттик маанидеги ири инфраструктуралык долбоорлор боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалымат тартууланды.

Тактап айтканда, тараптар “Zeeruk International Pvt Ltd” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы “Камбар-Ата 1” ГЭСин ишке ашырууда өнөктөш катары катышуусунун маселелерин талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев бул багыттагы мындан ары алып бара турган жемиштүү иштер региондогу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK